Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү.
IRNA агенттиги жазгандай, сүйлөшүүдө Аракчи Тегеран менен Вашингтондун ортосунда меморандум тууралуу ой бөлүшкөн.
"Анда Ирандын тышкы иштер министри меморандумдун чоо-жайын түшүндүрүп берип, анын жоболорун талаптагыдай аткарууда АКШнын жоопкерчилигин белгиледи", - деп айтылат билдирүүдө.
Аракчи Израилдин Ливанга каршы аскердик аракеттерин толугу менен токтотуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген. ТИМ башчылары аймактагы кырдаалды турукташтыруу жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн аймактагы өлкөлөр менен дипломатиялык кызматташууну улантуу зарыл деген пикирге келишкен.
Иран менен АКШ 15-июнда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Акыркы келишимге 19-июнда Швейцарияда кол коюлушу күтүлүүдө. Ага АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс, Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф жана Аббас Аракчи катышары айтылууда.