Биз социалдык тармакта

Трамп Иран менен келишим бузулса, кайра сокку уруу менен коркутту

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен түзүлгөн келишим аткарылбаса, Вашингтон кайрадан аскердик соккуларды башташы мүмкүн экенин билдирди.

Ал Египеттин президенти менен болгон эки тараптуу жолугушууда эгер Тегеран келишим шарттарын сактабаса АКШ “дароо бомбалоого кайтып келерин” айткан.

Маалыматтарга ылайык, АКШ менен Израил 28-февралдан тартып Иран аймагындагы объекттерге соккуларды баштаган. Бул окуяларда үч миңден ашуун адам каза болгону кабарланган.

Чыр-чатактын күчөшүнөн улам Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамы дээрлик токтоп, дүйнөдө күйүүчү майдын баасы өскөн.

Ошол эле учурда Иран менен АКШ июнь айында меморандум даярдалып бүткөнүн билдиришкен. Документ 19-июнда Швейцарияда кол коюлушу күтүлүүдө жана Ормуз кысыгын ачууга жол ачышы мүмкүн экени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан