АКШнын президенти Дональд Трамп G7 саммитинде Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Мухаммед бен Заид Аль Нахайян менен болгон жолугушуудан кийин журналисттердин көңүл борборунда болду.
Маалыматка ылайык, эки тараптуу сүйлөшүү учурунда Трамп БАЭ лидери Мухаммед бен Заиддин тынч жана жай сүйлөө манерасы тууралуу тамаша кылган.
“Сен ушунчалык бай болгондо, ушунчалык акырын сүйлөй аласың. Үнүңдү кыйнабайсың. Анткени баары бир сени баары угушат. Ал мыкты адам”, - деп айтты Трамп.
Анын бул сөзү жолугушууга катышкан делегаттар арасында күлкү жараткан. Саммиттеги бул учур коомчулукта да талкуу жаратты.