Бүгүн, 29-январда Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын имаратында "Мамлекеттик жеке шериктештик: мамлекет менен коомчулуктун өз ара аракеттенүүсү" аттуу темада тегерек стол болуп өттү.
Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, коррупцияга каршы күрөшүү борборунун өкүлү Бакыт Бакетаев жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын ишкерлери катышышты.
Шаар мэри жеке ишкерлерге кайрылып "Шаарды өнүктүрөм дегендер болсо, бизге кайрылгыла. Жер тилкелерин бөлүп берсек өзүңүздөр да пайдасын көрүп, мамлекет да пайдасын көрсө жакшы болот. Эң негизгиси шаардыктарды жумуш менен камсыз кылсак",- деди мэр.
"Биз Ысык-Көлдө да ушундай иш-чара өткөргөнүбүздө Каптагаев келген жок. Бирок сунуш-пикирлерди кат түрүндө жөнөтүп койгонбуз. Шаар башчы катары көйгөйлөрдү угуу үчүн келип катышып жатканыңыз чоң ийгиликтин башаты",- деди коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлү Бакыт Бакетаев.