АКШ менен Иран көп жылдардан бери уланып келген чыңалууну азайтуу багытында маанилүү кадам жасашты. Эки өлкө согуш аракеттерин токтотуу жана Ормуз кысыгын кайра ачуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи билдиргенин чет элдик бассылмалар жазышууда. Анын айтымында, документке аралыктан электрондук форматта кол коюлуп, мурда пландалган Женевадагы расмий жолугушуунун зарылдыгы калган жок.
Меморандумга АКШ президенти Дональд Трамп менен Иран президенти Масуд Пезешкиан кол койгон. Келишимге кол коюлгандан кийин ал дароо күчүнө кирди.
Дональд Трамп дагы бул маалыматты ырастап, Франциядагы журналисттерге: "Мен жаңы эле кол койдум",- деп билдирген. Маалыматтарга караганда, документке G7 саммитинин алкагында Франция президенти Эммануэль Макрон менен жолугушуу учурунда кол коюлган.
Меморандумдун негизги шарттарына ылайык, АКШ менен Иран бири-биринин суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоого макул болушту. Ошондой эле эки тарап тең бири-биринин ички иштерине кийлигишпөөгө убада беришти.
Мындан тышкары, документте бир нече маанилүү пункттар камтылган. АКШ жана анын Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү Иранды калыбына келтирүү үчүн кеминде 300 миллиард долларлык программа даярдашы керек. Вашингтон Иранга каршы киргизилген санкцияларды акырындык менен алып салууга макул болду.
Өз кезегинде Иран ядролук курал өндүрбөөгө жана сатып албоого милдеттенди. Өлкөнүн ядролук материалдары эл аралык көзөмөл алдында болот.
Ошондой эле Иран 60 күндүн ичинде Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден акы албай турганын билдирди. Бул дүйнөлүк мунай рыногу үчүн чоң жаңылык болуп эсептелет. АКШ болсо Ирандын мунай экспортун кайра жандандырууга кепилдик берди.
Эгер 60 күндүк сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктаса, кошумча экономикалык чектөөлөр дагы толугу менен алынышы мүмкүн.
Саясий серепчилер бул келишимди АКШ менен Ирандын тарыхындагы жаңы этап катары баалап жатышат. Эгер тараптар убадаларын аткарса, бул Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукка чоң таасир тийгизиши мүмкүн.