Бүгүн, 18-июнда, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин катына" байланыштуу ачык сот отурумуна келген айыпталуучу, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламентке каттын келип түшүшү жана социалдык тармактарда тарап жаткан сурактагы видеолордун купуялуулугу боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Тургунбек уулу тарап жаткан видеолорду көрө электигин айтып, алар менен таанышкандан кийин өз көз карашын билдире турганын кошумчалады.
Ал эми кат боюнча парламенттин аппарат жетекчисинин "кат келсе эскертип койгула" деген билдирүүсүнө комментарий берди.
"ЖМКларда 9-июнда кат боюнча кайрылуу тууралуу маалыматтар жүрсө, ал жерде президент менен спикерге жолдонду деп айтылып жатса, келет да. Ал ошол мааниде айтылган",- деп билдирди.
Ошондой эле Жогорку Кеңешти аралап кеткен кат боюнча мурдагы спикер жоопкерчилик албай тургандыгын, ал учурда иш сапары менен Түркияда жүргөндүгүн белгилеп өттү.
Эскерте кетсек, “75чилердин каты” боюнча айыпталып жаткандардын соту 11-июндан баштап ачык өтө баштады. Бүгүнкү сот Эмилбек Узакбаевдин ооруп, сот отурумуна катышпаганынан улам жылдырылды.
Бул иш боюнча айыпталуучулардын арасында УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевден тышкары мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бар. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелер боюнча айып тагылууда. Үчөө тең эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асановго "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен тергөө абагында кармалууда.