Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Албаниянын президенти Байрам Бегай менен жолугушту

Бүгүн, 18-июнда Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда президент Садыр Жапаров менен Албаниянын өлкө башчысы Байрам Бегайдын расмий жолугушуусу өтүүдө.

Өлкө башчылары бири-бири менен учурашып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң Садыр Жапаров менен Бегай өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырышты.

Андан кийин Албаниянын лидерине Рух-Ордонун айланасында чакан экскурсия уюштурулду.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Ошондой эле экономика, айыл чарба, туризм, транспорт, санариптештирүү жана башка багыттарда мындан аркы өз ара аракеттенүү жөнүндө пикир алмашышат.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан