Биз социалдык тармакта

Марлен Маматалиев парламенттин мурдагы төрагасы "75чилердин каты" боюнча билгенин ачыктады (видео)

Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Марлен Маматалиев "75чилердин каты" парламентке кандай келип калганын айтып берип жатып, мурдагы төрага кат боюнча билгендигин ачыктады.

"Ал кат чындыгында бул жакка (ред.: Жогорку Кеңештин имараты) келген. Ар бир кызматкер катты алып жатканы, саат канчада киргени боюнча түшүнүк каттар бар. Биз анын баарын толуктап ИИМге өткөрүп бергенбиз. "Кат келет, күтүп тур" деген команда келген. Аны "каттоодон өткөрбөй кармап тур" деп айтат. Адреси туура эмес болуп, барып кайра оңдоп алып келет. "Мурдагы төрага Шакиевдин атына каттайсың, алып барасың" деп кайра айтылат. Мурдагы төраганын кабылдамасына алып барып берет. Ошол жактан төраганын кеңешчиси же жардамчысы катты колуна алат. Толук түрдө Шакиев менен макулдашат. Ал жоопкерчиликтен качканбы же билбей калды деп ойлойт дегенби, айтор, "менин орун басарыма алып барып бер, ал комитеттерге түшүрсүн" деген буйрук берет. Орун басары орто жолдо кармайт, тактайт. Баары бир комитетке барып түштү",- деди Маматалиев.

Маматалиев сотко барып көрсөтмө берип жаткан учурдагы эл өкүлдөрү бул жагдайлардын баарын түз көрбөсө да, парламенттин ичинде айтылган кептерди ачыктап жатканын билдирди. Анткени Маматалиев төрага болгондон кийин бул кат боюнча депутаттардан жана юристтерден турган атайын комиссиялык топ түзүлүп, ички иликтөө жүргүзүлгөн.

Эскерте кетсек, бүгүн, 18-июнда аталган кат тууралуу сот отурумуна барган мурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулу да комментарий берди.

Марлен Маматалиев парламенттин мурдагы төрагасы "75чилердин каты" боюнча билгенин ачыктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан