Кыргызстандын түштүк аймактарынын жана Ош шаарынын жашоочуларынын арасында советтик үлгүдөгү паспорт менен жүргөндөр бар. Жашоочулардын катарында таптакыр документи жоктору да кездешет. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда адам укуктары боюнча "Эдвокаси борборунун" маалымат кызматы билдирди.
Оштогу "Мыйзам жана тартип" коомдук фондуна ушул жылдын башынан бери эле 15 жаран жардам сурап кайрылган.
"Алар документти кайдан, кантип алышты билбейт. Бул иштерди жасап берүүнү бизден өтүнүшөт. Бирок аларга кеңеш берип, жол-жобосун түшүндүрүп беребиз",- деди фонд жетекчиси Изатулла Рахматиллаев.
Мындан сырткары жашоочулардын паспортунун жоктугу кеңири жайылган көйгөй экенин белгилеп өттү. Документсиз адамдар эч жерде катталбай, билим, медицина жана социалдык жардамдарды албай жашап келишет.