Бүгүн, 18-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин катына" байланыштуу сот отуруму айыпталуучулардын бири ооруп, келбей калганына байланыштуу жылдырылды.
Жактоочу Акынбек Ногоев аталган иште айыпталып жаткан Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин ден соолугу начарлап кеткенин билдирди.
"Анын кан басымы көтөрүлүп, диаграммасы 180ге жетүүдө. Бул оору камакта кармоого тоскоол болгон оорулардын тизмесине кирет. Ал дарыгерге көрүнүүгө муктаж. Сотко үй камагына чыгарып берүү керектиги боюнча өтүнүч келтиргенбиз, азырынча канааттандырыла элек. Бийликтин же башка адамдардын кызыкчылыгы болуп жатабы, кызы да эки айдан бери камакта жатат",- деди Ногоев.
Эскерте кетсек, “75чилердин каты” боюнча айыпталып жаткандардын соту 11-июндан баштап ачык өтө баштады. УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, экс-төрага Нурланбек Тургунбек уулуна "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылууда. Үчөө тең эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен тергөө абагында кармалууда.