17-июндан 18-июнга караган түнү Орусиянын бир катар аймактарына масштабдуу дрондук чабуул жасалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Абадан коргонуу күчтөрү түн ичинде 555тен ашуун учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөн. Алардын 194ү Москвага жакындап келген учурда жок кылынган.
Дрондордун чабуулунан улам Москвадагы Домодедово жана Внуково аэропортторунда учактарды кабыл алуу жана учуруу убактылуу чектелди. Ошондой эле борбор калаанын Капотня районунда унаалардын кыймылы жарым-жартылай токтотулду.
Учурда Москвага карата дрондук чабуулдар уланып жатканы кабарланууда.