Ирандын мамлекеттик IRNA агенттиги өлкө президенти Масуд Пезешкиан АКШ менен кол коюлган меморандумду кармап турган сүрөттөрдү жарыялады.
Сүрөттөрдүн биринде документ англис тилинде болсо, экинчисинде фарсы тилиндеги нускасы көрсөтүлгөн. Анда Иран менен АКШ президенттеринин кол тамгалары бар.
Маалыматка ылайык, Иран жана АКШ 18-июнга караган түнү аралыктан меморандумга кол коюшкан. Документ 28-февралдан бери уланып келген аскердик жаңжалды токтотууну көздөйт.
Меморандумда АКШнын деңиз блокадасын алып салуу мөөнөттөрү жана Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын калыбына келтирүү шарттары да каралган.
Ошондой эле Иран өзөктүк куралга ээ болбоого милдеттенме алып, өлкөнүн өзөктүк программасы боюнча өзүнчө келишим түзүү макулдашылган. Бул багыттагы сүйлөшүүлөр жакынкы 60 күндүн ичинде өтөт. Анын жыйынтыгында Тегеранга каршы киргизилген санкцияларды алып салуу маселеси каралат.