Бакыт Төрөбаев: “Кыргызстанда ЖОЖду бүткөн студенттердин 25 пайызы гана иш менен камсыз болууда”

Кыргызстанда бир жылда 55 миң студент жогорку окуу жайды аяктаса, анын 25 пайызы гана иш менен камсыз болот. Муну бүгүн, 29-январда парламентте депутат Бакыт Төрөбаев билдирди. Айтымында, учурда өлкөдө 200 миңдей студент бар.

“Өлкөбүз жумушсуздарга толуп кетпесин десеңер, биз сунуштаган мыйзамды колдоп койгула. Бүтүрүүчүлөрдүн 30 пайызын иш менен камсыз кыла алган окуу жайларга гана лицензия берилет, 30 пайыздан ашырып жиберсе бюджеттен кошумча артыкчылыктар каралат. Азыр окуу жайлар диплом берип жатышат, бирок адистер жок”,- деди Төрөбаев.

Депутат жогорку окуу жайлардагы контракттардын эсебинен 2 миллиард сом айлантылып жатканын кошумчалады.  

Айта кетсек, ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети мыйзамды кабыл албоо чечимин кабыл алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан