Биз социалдык тармакта

Apple: Микросхемалардын кымбатташы iPhone, Mac жана iPad бааларына таасир этиши мүмкүн

Apple компаниясы микросхемалардын жана сактагыч чиптеринин баасы кескин өсүп жаткандыктан, өз продукцияларынын баасын көтөрүүгө аргасыз болуп калышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Компаниянын башкы директору Тим Кук The Wall Street Journal басылмасына берген маегинде Apple бааларды мүмкүн болушунча кармап турууга аракет кылып жатканын, бирок компоненттердин кымбатташы шартында бул барган сайын кыйын болуп жатканын айткан.

Анын айтымында, жасалма интеллект тармагындагы жогорку суроо-талап микросхемалардын жана эс-тутум түзүлүштөрүнүн дүйнөлүк баасын жогорулатууда. “Тилекке каршы, баанын өсүшү дээрлик муктаждык болуп калды”, - деген ал.

Адистердин пикиринде, баанын өсүшү биринчи кезекте Mac компьютерлерине жана iPad планшеттерине таасир этиши мүмкүн. Mac mini моделинин базалык версиясы мурдагы 599 долларлык баадан жогорулап, азыр 799 доллардан башталган жаңы баа менен сунушталууда.

Ошондой эле аналитикалык TechInsights компаниясынын баалоосу боюнча, келечектеги iPhone 18 Pro модели азыркы муундагыдан болжол менен 200-270 долларга кымбат болушу мүмкүн. Эксперттер анын баштапкы баасы 1299 долларга чейин жетиши ыктымал экенин айтышууда.

Apple расмий түрдө кайсы моделдер качан кымбаттай турганын азырынча тактаган жок, бирок рыноктогу тенденциялар баа саясатына өзгөрүүлөр жакында кириши мүмкүн экенин көрсөтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан