Конго Демократиялык Республикасында эбола вирусунан каза болгондордун саны 232 адамга жетти.
Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы суткада дагы 6 адам көз жумду. Оору жуктуруп алгандардын жалпы саны 896 адамды түздү.
Конго бийлиги эбола вирусунун жайылышы аныкталганын 15-майда жарыялаган. Ооругандардын болжол менен 90 пайызы өлкөнүн куралдуу кагылышуулар болуп жаткан Итури провинциясы аймагында жашайт. Бул жагдай медициналык жардам көрсөтүүнү кыйла татаалдаштырууда.
16-июнда Бурундинин, Конгонун жана Уганданын жетекчилери, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору эбола эпидемиясы боюнча онлайн саммит өткөрүштү. Анда ооруга каршы күрөшүү үчүн 518 миллион доллар талап кылынары белгиленди.