Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Эдилбек Тажимырзаевдин кызматтан кеткенин себеби айтылды.
Президенттик администрация билдиргендей, соцтармактарда "Энергетик" маданият үйүнүн кызматкери айлык маянасы боюнча видео кайрылуу жасаган. Анда айлыгы апрель айы үчүн 100 пайызга көбөйүп берилгени, бирок май айында мурдагыдай эле аз өлчөмдө төлөнгөнү айтылган.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында Кара-Көл шаарынын мэриясы кошумча каражатка болгон муктаждык боюнча Финансы министрлигине туура эмес эсептерди жөнөткөнү аныкталды. Ошондой эле май айындагы каржылоо эски эсептер менен жүргүзүлгөндүктөн, кызматкерлерге айлык акы президенттин жарлыгында каралган жогорулатуусуз төлөнүп калган. Учурда "Энергетик" маданият үйү толук көлөмдө кошумча каржыланды. Бардык кызматкерлердин маянасы кайра эсептелип чыгып, жетпей калган каражаттар толугу менен төлөндү. Мындан тышкары, президенттин жарлыгын талаптагыдай аткарбаганы үчүн Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду",- деп белгиленген маалыматта.
Эскерте кетсек, бүгүн, 19-июнда Тажимырзаевдин ордуна
Азамат Турдубеков дайындалды.