Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Эдилбек Тажимырзаев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Азамат Турдубеков дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.
Эскерте кетсек, Тажимырзаев мэр болуп быйыл март айынын аягында дайындалган болчу.