Биз социалдык тармакта

АКШ менен Ирандын жума күнгө пландалган сүйлөшүүлөрү өтпөй калды 

Швейцариянын Бюргеншток шаарында бүгүн, 19-июнга пландалган АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү өтпөй калды. Бул тууралуу Швейцариянын Тышкы иштер министрлигине таянып, "The Guardian" басылмасы жазды.

"Жума күнү өтө турган АКШ менен Ирандын 14 пункттан турган макулдашууну ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрү жокко чыгарылды",- деп жазат басылма.

Иран менен АКШ 15-июнда өз ара меморандум боюнча сүйлөшүүлөр аяктаганын билдиришкен. АКШ лидери Дональд Трамп келишимдин алкагында Ормуз кысыгындагы чектөөлөр алынганын айткан.

Ага удаа АКШ менен Иран тийиштүү документке 19-июнда Швейцарияда кол коёру күтүлүп жатканы маалымдалган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан