Бириккен Араб Эмираттарында 15 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарды колдонушуна тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Жаңы эрежеге ылайык, социалдык платформалар мындай жаш курактагы колдонуучулардын аккаунттарын өз алдынча аныктап, бөгөттөөгө милдеттүү. Мындан тышкары, 15 жаштан жогорку өспүрүмдөрдүн аккаунттарына да айрым чектөөлөр киргизилди.
Буга чейин ушундай чектөөлөр Австралия, Малайзия, Индонезия жана Бразилия өлкөлөрүндө кабыл алынган.