
Израилдин армиясы түнү бою Ливандын түштүгүндөгү "Хезболла" кыймылынын объекттерине сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Израил армиясы маалымдагандай, мындай аракет "Хезболланын" ок атышууну токтотуу режимин бир нече жолу бузганы менен байланыштуу. Бейшембиден жумага караган түнү Ливандын түштүгүндөгү бир катар аймактарда аба соккулары жасалып, уюмдун мүчөлөрү жана аскердик инфраструктурасы бутага алынганы айтылды.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен меморандумга кол койгондон кийин, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга катышкан бардык тараптарды, анын ичинде Ливандагы тараптарды да бардык багыттар боюнча ок атышууну токтотууга чакырган.