Кыргызстанда аңчылык ишин жөнгө салчу мыйзам долбоорлору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Жогорку Кеңеште бүгүн, 29-январда “Аң уулоо жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” мыйзам долбоору, мергенчиликке байланыштуу бир катар мыйзамдарга киргизилип жаткан түзөтүүлөр топтому каралды.

Мыйзам демилгечиси Эсенгул Исаковдун айтымында, акыркы мезгилде мергенчилик иштери баш аламан жүргүзүлүп, коррупциялык көрүнүштөр күчөп жатат. Мергенчилик ишинде айрыкча жергиликтүү аймактын кызыкчылыктары эске алынбайт. Мисалы, 2012-жылы мергенчиликтен болгону 29,9 миллион сом топтолсо, анын 20 пайызы гана жергиликтүү бюджетке түшкөн. Бир аркар атуу лицензиясынын наркы 250 миллион сом. Ал эми мергенчилердин саны жылына 2-3 миңге чейин көбөйүүдө.

Талкууда илбирс, мадыл, аркар, кулжа сындуу сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүк түрлөрүн сактоо, коргоо, көбөйтүү ишин илимий жолго салуу, аңчылыкка көзөмөлдү күчөтүү, айып пулдардын өлчөмүн көтөрүү тууралуу сунуштар айтылды.

Мыйзам долбоорлорунун топтому үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан