Камчаткада эки саат аралыгында 16 жер силкинүү катталды
Орусиянын Камчатка жарым аралынын жээктеринде эки сааттын ичинде күчү 6,9га жеткен 16 жер титирөө катталды. Бул тууралуу Орусиянын Илимдер академиясы маалымдады.
Сейсмикалык активдүүлүк саат 06:51де башталган. Алгачкы жер титирөөнүн күчү 5,6 магнитуда болуп, ал Петропавловск–Камчатск шаарынан 167 чакырым алыстыкта, 16 чакырым тереңдикте катталган. Эң күчтүү жер титирөөнүн магнитудасы 6,9га жеткен. Ал шаардан 178 чакырым алыстыкта жана 15 чакырым тереңдикте катталган. Акыркы сейсмикалык силкинүүнүн күчү 4,5 болгону маалыматта кошумчаланды.
Расмий маалымат боюнча, Камчатканын жээктерине цунами толкундарынын жеткени катталган эмес жана кырдаал көзөмөлдө болууда.