Биз социалдык тармакта

Вьетнам саякатчылар үчүн жаңы эреже киргизди

Вьетнамга кирүү үчүн эми туристтер алдын ала электрондук карта (Arrival Card) толтурууга милдеттүү болушат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Мындай эреже 22-июндан тарта күчүнө кирет жана бардык саякатчылар үчүн милдеттүү болот.

Анкета 10дон ашык тилде, анын ичинде орус тилинде жеткиликтүү. Анда паспорт, виза тууралуу маалыматты, Вьетнамда болуу мөөнөтү менен дарегин көрсөтүү талап кылынат.

Электрондук картаны Вьетнамдын миграция кызматынын порталында өлкөгө кирерден 72 саат мурун толтуруу зарыл.

Бул талап бардык чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Вьетнамга 45 күнгө чейин визасыз киргендерге жана электрондук виза ээлерине да тиешелүү.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан