Бүгүн, 29-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө уюмга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгына байланыштуу маселелер каралды. Мындан сырткары Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен регионалдык коопсуздукту чыңдоо жана ЖККУ мейкиндигинде туруктуулукту камсыз кылуу маселеси талкууланды.
Ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттеринин чек арадагы кызматташуу маселелери козголду.