Биз социалдык тармакта

Тажикстанда жумуш күнүнө 20 мүнөттүк милдеттүү көнүгүү жасоо киргизилди

Тажикстанда жаңы мыйзамдык өзгөртүүлөргө ылайык, жумуш күнү 20 мүнөттүк милдеттүү физикалык көнүгүүлөрдү камтууга тийиш. Бул тууралуу маалымат жергиликтүү басылмаларга таянып берилди.

Жаңы талапка ылайык, жумуш берүүчүлөр кызматкерлер үчүн күн сайын кеминде 20 мүнөт дене көнүгүүлөрүн уюштурууга милдеттүү. Бул убакыт эс алуу же тамактануу үчүн эмес, атайын физикалык активдүүлүккө арналат.

Тажикстандын Юстиция министринин маалыматына караганда, бул чаралар семирүү жана кант диабетинин алдын алуу, ошондой эле калктын ден соолугун чыңдоо максатын көздөйт.

Жаңы норма бардык уюмдарга – менчик формасына карабастан – тиешелүү болуп, жетекчилер кызматкерлердин активдүү катышуусун камсыз кылууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан