Биз социалдык тармакта

Тажикстанда кызматкерлер күн сайын дене көнүгүүлөрүн жасоого милдеттендирилди

Тажикстанда мамлекеттик жана жеке мекемелердин кызматкерлери күн сайын кеминде 20 мүнөт дене көнүгүүлөрүн жасоого милдеттендирилди. Бул талап өлкөнүн парламенти кабыл алган жаңы Саламаттык сактоо кодексинде бекитилгенин чет элдик басылмалар белгилешүүдө.

Маалым болгондой, иш берүүчүлөр кызматкерлер үчүн дене тарбия менен машыгууга шарт түзүп, атайын жайларды бөлүп берүүгө жана көнүгүүлөрдү уюштурууга милдеттүү. Ошондой эле жетекчилердин өздөрү да машыгууларга катышууга тийиш.

Мындай чаралар семирүүнүн жана кант диабетинин алдын алуу максатында киргизилгени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан