Ирандык ырчы Парасту Ахмади жана анын продюсердик командасынын 8 мүчөсүнө 74 жолу камчы менен жазалоо өкүмү чыкты. Ошондой эле эки жылга өлкөдөн чыгууга жана чыгармачылык ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынгандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, анын себеби 2024-жылы ырчынын YouTube баракчасына жарыяланган онлайн-концерти. Анда ырчы айым хиджабсыз патриоттук ыр аткарып, видео социалдык тармактарда кеңири тараган. Көп өтпөй ырчы жана бир нече музыкант кармалып, аларга каршы кылмыш иши козголгон.
Бийлик өкүлдөрү артисттерди "коомдук адеп-ахлак нормаларын бузган" деп айыпташууда. Ал эми эл аралык уюмдар болсо камчы менен жазалоону кыйноонун бир түрү катары сыпатташууда.