АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды жөнгө салып, согушту токтотууга аракет кылып жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.Анын айтымында, бул маселени чечүү алгач ойлогондон кыйыныраак болуп чыккан. Ошентсе да АКШ бул процессти аягына чыгаруу ниетинде экенин белгиледи.
Мындан тышкары Трамп мурдагы президент Жо Байден башкарган мезгилде Украинага берилген курал-жарактар үчүн Европа өлкөлөрү АКШга 350 миллиард доллар төлөшү керек деген пикирин билдирди.