Аргентинада сегиз жолку “Алтын топтун” ээси Лионель Мессиге арналган дүйнөдөгү эң бийик айкелдин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалым болгондой, 26 метр бийиктиктеги, салмагы 70 тонна болгон скульптура Кутраль-Ко шаарында орнотулду. Айкелде футболчу Аргентина курама командасынын формасын кийип, тизелеп отуруп, оң колун көтөрүп турган абалда көрсөтүлгөн. Жанында Дүйнө чемпиондугунун кубогу да жайгаштырылды.
Долбоордун автору аргентиналык сүрөтчү Альдо Бероиса айкелди жасоого болжол менен бир жыл убакытысын кетиргенин билдирди.