Ирандын Жогорку бириккен аскердик командачылыгы Ормуз кысыгы жабылганын билдирди. Бул чечим АКШ өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдагы милдеттенмелерин аткарган жок деген жүйө менен кабыл алынганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, кысыкты жабуу 14 пункттан турган меморандумдун шарттары бузулушуна жооп катары жасалган алгачкы кадам болуп саналат.
Ошондой эле билдирүүдө эгер "агрессиялык аракеттер" улана берсе, кошумча чаралар көрүлүшү мүмкүн экени белгиленген. Бул маалымат мамлекеттик Mehr News Agency агенттиги аркылуу таратылган.
Мындан тышкары, Ливандын түштүгүндө ок атышууну токтотуу тууралуу келишим жарыяланганына карабастан, куралдуу кагылышуулар дагы эле уланып жатканы кабарланууда.