Биз социалдык тармакта

Токаев Өзбекстандын президентинин кызын кабыл алды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанага расмий сапар менен барган Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева менен жолугушту.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, жолугушууда эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү, кызматташууну кеңейтүү жана Борбор Азиядагы туруктуулукту бекемдөө маселелери талкууланды.

Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттардагы кызматташтыкты күчөтүү боюнча пикир алышып, эки мамлекетте жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу да сүйлөшүштү.

Саида Мирзиёева жолугушуунун жүрүшүндө Токаевге Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жеткирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан