Биз социалдык тармакта

АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү тууралуу жаңы жагдайлар айтылды 

АКШ менен Иран ушул аптанын аягына чейин бардык маселелер боюнча техникалык сүйлөшүүлөрдү улантат. Ага ортомчу катары Катар менен Пакистан катышары айтылды.

Маалым болгондой, сүйлөшүүлөр Швейцариянын Бюргеншток шаарында өтөт.

"Бардык маселелер боюнча техникалык сүйлөшүүлөр аптанын аягына чейин Бюргеншток курортунда улантылат",- деп айтылат Катардын ТИМи жарыялаган билдирүүдө.

Иран менен АКШ 15-июнда өз ара меморандум боюнча сүйлөшүүлөр аяктаганын билдиришкен. Көп өтпөй АКШ лидери Дональд Трамп келишимдин алкагында Ормуз кысыгындагы чектөөлөр алынганын айткан.

Ага удаа АКШ менен Иран тийиштүү документке 19-июнда Швейцарияда кол коёру күтүлүп жатканы маалымдалган. Бирок Бюргеншток шаарында 19-июнга пландалган АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү өтпөй калган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан