
Дональд Трамп Италияны жана өлкөнүн премьер-министри Жоржа Мелонини Иран маселесиндеги позициясы үчүн кескин сынга алды. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Трамптын айтымында, НАТОго АКШ триллиондогон доллар сарптаганына карабастан, Италия Ирандын өзөктүк коркунучуна каршы аракеттерге катышууга кызыкдар эмес.
“Биз ондогон жылдар бою аларды коргоп келдик. Бирок сыноо учуру келгенде Италия бизди жана дүйнөнүн калган бөлүгүн коргоого даяр эмес. Бул жакшы эмес”, — деп жазды АКШ лидери.
Буга жооп кылып Мелони Трамптын билдирүүлөрүн “толугу менен ойдон чыгарылган” деп атады. Ал өзүнүн популярдуулугу АКШ президенти менен болгон мамилесине эмес, Италиянын улуттук кызыкчылыктарын коргой алганына байланыштуу экенин белгиледи.
Ал арада Антонио Таяни Трамптын сөздөрү бүтүндөй Италияны кемсинткенин айтып, нааразылык иретинде АКШга болгон сапарын жокко чыгарды.
Бул акыркы билдирүүлөр АКШ менен Италиянын ортосундагы дипломатиялык чыңалууну дагы күчөттү. Буга чейин Трамп Италияны Иранга каршы аскердик операциялар үчүн өз аймагындагы аскер базаларын пайдаланууга уруксат берүүдөн баш тартканы үчүн да сындаган.