Катардагы Рас-Лаффан заводундагы жарылуудан 54 адам жабыркап, дагы 18 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып жазышууда.
Жарылуу 21-июнда катталып, ага техникалык мүчүлүштүк себеп болгону айтылууда. Учурда дайынсыз жоголгондорду издөө-куткаруу иштери уланууда.
Рас-Лаффан дүйнөдөгү суюлтулган жаратылыш газын өндүргөн эң ири өнөр жай борбору болуп саналат. Комплекс мамлекеттик Qatar Energy мунай-газ корпорациясына таандык. Бул комплекс дүйнөлүк суюлтулган жаратылыш газынын болжол менен 20 пайызын камсыздайт.