Биз социалдык тармакта

АКШ менен Иран 60 күн ичинде келишим түзүүгө ниеттенүүдө

Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шехбаз Шариф АКШ менен Ирандын ортосундагы Исламабад меморандумунун алкагында түзүлгөн жогорку деңгээлдеги комитеттин биринчи жыйыны Швейцарияда ийгиликтүү аяктаганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Сүйлөшүүлөр позитивдүү жана конструктивдүү маанайда өтүп, үмүт жараткан жыйынтыктарга алып келди”,- деп жазды Шариф X социалдык тармагында.

Анын айтымында, тараптар 60 күндүн ичинде кол коюла турган акыркы келишимге алып баруучу жол картасын макулдашышты. Ошондой эле сүйлөшүү процессине саясий көзөмөл жүргүзүү үчүн жогорку деңгээлдеги комитет түзүү жана техникалык консультацияларды улантуу боюнча келишимге келишти.

Пакистандын өкмөт башчысы АКШ менен Ирандын жетекчилигине конструктивдүү диалогго болгон туруктуу даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, сүйлөшүүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөткөн Катарга жана жолугушууну өткөрүүгө жардам берген Швейцарияга өзгөчө ыраазычылык айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан