Биз социалдык тармакта

Британиянын премьер-министри Кир Стармер кызматтан кетерин жарыялады

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер кызматтан кетерин жана Labour Party партиясынын лидери кызматын тапшырарын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Стармер Даунинг-стритте жасаган кайрылуусунда партиянын парламенттик фракциясы анын кийинки жалпы шайлоодо партияны жетектөөгө ылайыктуу талапкер экенине күмөн санаганын белгилеген.

Мен бул чечимди сый-урмат менен кабыл алам”,- деди ал.

Анын айтымында, ал өз чечими тууралуу алгач падыша Карлга маалымдаган. Ошондой эле жаңы лидер шайланганга чейин премьер-министрлик кызматын убактылуу аткарууну улантып, бийликти тартиптүү өткөрүп берүүгө бардык күчүн жумшай турганын айтты.

Стармер мураскоруна толук колдоо көрсөтөрүн белгилеп, партиянын Улуттук аткаруу комитетине жаңы лидерди шайлоо тартибин аныктоо тапшырмасын берди.

Маалыматка ылайык, талапкерлерди көрсөтүү 9-июлда башталып, арыздарды кабыл алуу 16-июлда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан