
Касым-Жомарт Токаев Казакстандын президенти Европа Биримдиги менен өнөктөштүк азыр болуп көрбөгөндөй маанилүү экенин билдирди. Бул тууралуу ал Euronews басылмасына жарыяланган автордук макаласында жазды.
Токаевдин айтымында, Казакстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташуунун кийинки этабы үч негизги багытка таянышы керек. Алар туруктуулукту күчөтүү, бардык тармактардагы байланыштарды кеңейтүү жана жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Президент учурдагы геосаясий кырдаал дүйнөлүк соодага, технологияларга жана инвестициялык агымдарга олуттуу таасирин тийгизип жатканын белгиледи. Анын айтымында, жеткирүү чынжырларынын алсыздыгы жана экономикалык белгисиздик күчөгөн шартта мамлекеттер жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө муктаж болуп калды.
Токаев Европа Биримдиги азыр Казакстандын эң ири соода жана инвестициялык өнөктөшү экенин эске салды. Анын айтымында, өлкөдө миңдеген европалык компаниялар ийгиликтүү иштеп, экономикага инвестиция тартып, аны модернизациялоого жана диверсификациялоого салым кошуп келет.
Мындан тышкары, Казак лидери энергетика, айыл чарба, транспорттук каттамдар, санариптик технологиялар, билим берүү жана инновация тармактарында кызматташууну кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. Ал Казакстан Европа менен Азияны байланыштырган маанилүү логистикалык жана стратегиялык борборго айланып бара жатканын айтты.
Ошондой эле Токаев өнөктөштүк жөн гана экономикалык байланыш менен чектелбестен, жөнөкөй жарандарга да реалдуу пайда алып келиши керектигин кошумчалады. Анын айтымында, билим берүү, илим жана жаңы технологиялар жаатындагы кызматташтык эки тарап үчүн тең жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.