Катар Ормуз кысыгынын азыркы статусун өзгөртүүгө жол берилбеши керек деп эсептейт. Бул тууралуу премьер-министр жана тышкы иштер министри Мухаммед бен Абдель Рахман Аль Тани билдирип, Al Jazeera телеканалына берген маегинде айтты.
Ал Катар Ормуз кысыгы аркылуу кеме жүрүү эркиндиги сакталуусу зарыл экенин белгилеп, “бул аймак ачык болушу керек жана деңиз каттамдары эркин болушу шарт” деди.
Премьер-министр ошондой эле Перс булуңундагы өлкөлөр Иран менен мамилелерде диалогду күчөтүп, коопсуздукту камсыз кылууга багытталган бирдиктүү механизм түзүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.