Жогорку Кеңеште бүгүн, 29-январда бүтүрүүчүлөрүнүн 30 пайызын иш менен камсыздай албаган жогорку окуу жайын лицензиядан ажыратууга жол ача турган мыйзам долбоору каралууда. Демилгечи депутат ЖОЖдор арасында атаандаштык жаратуу зарыл экенин айтат.
“Мыйзам кабыл алынып калса, окуу жайлар ортосунда атаандаштык жаралат. Атаандаштыктын айынан ЖОЖдордо билим берүүнүн сапаты өсөт. “Кайсы адистик боюнча кадр даярдасам” деп ректорлор да ойлоно баштайт”,- деди Төрөбаев.
Муну депутат Бөдөш Мамырова да колдоду. "Юристтерди азыр ким гана даярдабай жатат. Юристтерди окутпаган техникумдар эле калды. Керексиз адистер чегинен ашып кетти",- деди ал.