АКШнын ортомчулугу менен Вашингтондо Израил жана Ливандын кезектеги сүйлөшүүлөрү башталат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына ылайык, тараптардын жолугушуулары 23-25-июнда өтөт.
Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун сүйлөшүүлөргө катышары же катышпасы азырынча белгисиз. Анткенин анын ушул күндөрү БАЭге, Кувейтке жана Бахрейнге пландалган сапарлары бар.