Баткен облусундагы селдин кесепеттери жоюлууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда кырсыктын кесепеттерин жоюуга 100 куткаруучу, 29 техника, 3 мотопомпа 53 кызматкер тартылган. Жалпысынан сел 1 турак үйдүн ичине, 177 турак үйдүн короосуна, 17 турак үйдүн жертөлөсүнө, 1 айыл өкмөттүн короосуна, 23 турак үйдүн чарбалык курулуштарына кирген.
Мындан тышкары, 8 миң 800 метр ички чарбалык жолду бузган, 13 электр мамычаларын, 10 даана лоток агып кеткен жана 6 чакырым жол ар жеринен кум шагылга толгон, 3 ички чарбалык көпүрө, 1 электр тармактар ишканасы сел калдыктарына толуп, 4 миң метр сел өтүүчү сай ар жеринен эрозияга учураган.
Кечээ 22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен облусунда
сел жүргөн. Буга байланыштуу президент
Садыр Жапаров кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча чукул тапшырмаларды берип, иштер жеке көзөмөлүндө
экенин билдирген.