Биз социалдык тармакта

Президент Баткендеги селдин кесепеттерин тез арада жоюуну тапшырды

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы селдин кесепеттерин тез арада жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча чукул тапшырмаларды берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында өлкө башчысы облустагы селдин кесепетинен толук кабардар. "Учурда сел кырсыгы катталган аймактарда абалды турукташтыруу, жолдорду тазалоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана элге көмөк көрсөтүү иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө",- деп билдирген Алагөзов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан