Ирандын Бириккен улуттар уюмундагы өкүлү Али Бахрейни АКШ менен жогорку деңгээлдеги жолугушуулар боло турганын билдирди.
Айтымында, алардын так мөөнөтү азырынча аныктала элек.
"АКШнын өкүлдөрү жана ортомчу өлкөлөрдүн катышуусунда жаңы жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтөт. Бирок Иран алардын качан болорун азырынча чечкен жок. Бул келишимдин аткарылышындагы жылыштарга жараша болот",- деди Али Бахрейни журналисттерге.
Ал билдиргендей, тараптар ортосунда олуттуу жылыштар болгондо жогорку даражалуу расмий өкүлдөрдүн жолугушуусуна муктаждык жаралат.
21-июнда Швейцариядагы Бюргеншток курортунда Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрү өтүп, ага ортомчу катары Пакистан жана Катар катышкан.
Иран Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү
Исмаил Багаи Швейцариядагы АКШ менен болгон сүйлөшүүлөрдө белгилүү бир жылыштар болгонун билдирген.
18-июнга караган түнү Иран менен АКШ аралыктан өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Документте 28-февралда башталган аскердик жаңжалды токтотуу каралган. Ошондой эле меморандум АКШнын деңиз блокадасын алып салуу жана Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын калыбына келтирүү мөөнөттөрүн аныктайт.