Биз социалдык тармакта

Чехиянын президенти НАТО саммитине чакырылбай калганына байланыштуу сотко кайрылды

Чехиянын президенти Петр Павел өкмөттүн аны НАТОнун 7-8-июлда Анкарада өтө турган саммитине катышуучу делегациянын курамына кошпоо чечимине каршы Конституциялык сотко доо арыз берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы өкмөттүн мындай чечимин болуп көрбөгөндөй жана өтө өкүнүчтүү кадам деп эсептейт. Анын пикиринде, бул чечим президенттин конституциялык ыйгарым укуктарын чектейт.

Доо арызда Конституциялык соттон президенттин НАТО саммитине катышуу маселесин ким чечүүгө укуктуу экенин тактоо же өкмөттү президенттин өз ыйгарым укуктарын аткаруусуна тоскоолдук жаратпоого милдеттендирүү өтүнүчү камтылган.

Буга чейин өкмөт саммитке бара турган делегациянын курамын бекитип, ага премьер-министр Андрей Бабиш, тышкы иштер министри жана коргоо министри киргенин жарыялаган. Премьер-министр президенттин делегацияга киргизилбей калышын саммитте негизинен НАТО өлкөлөрүнүн коргонуу чыгымдары талкууланары менен түшүндүргөн. Анын айтымында, Чехия азырынча альянстын талап кылган деңгээли - ИДПнын 2 пайызы өлчөмүндөгү коргонуу чыгымына жете элек.

Чехиянын Конституциялык соту президенттин арызын алганын ырастап, иш тездетилген тартипте караларын билдирди. Соттун бардык судьялары катышкан кезектеги жыйыны шаршемби күнү өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан