Биз социалдык тармакта

Конгодо эболадан каза болгондордун саны 260тан ашты

Конго Демократиялык Республикасында эбола вирусун жуктургандардын саны 1050 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн байланыш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, илдеттен 267 адам каза болуп, өлүм көрсөткүчү 25,5 пайызды түздү. Учурда 371 бейтап ооруканада жана медициналык обсервацияда көзөмөлдө болууда. Ал эми 112 адам толук айыгып чыкты.

Адистердин айтымында, 26-майдан бери Түштүк Киву аймагында вирустун жаңы учурлары катталган жок. Бирок оорунун негизги очогу Итури аймагы бойдон калууда.

Эске салсак, Конго менен Угандада эбола вирусунун жайылышы май айынын башында белгилүү болгон. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул кырдаалды эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп баалаган. Адистер жаңы вакцина иштеп чыгууга алты айдан тогуз айга чейин убакыт талап кылынарын айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан