Биз социалдык тармакта

АКШ Иранга каршы мунай санкцияларын 60 күнгө убактылуу токтотту

АКШ Ирандан мунай жана мунай продукцияларын доллар менен сатууга көп жылдан бери тыюу салып келген санкциялардын бир бөлүгүн 60 күнгө убактылуу токтотту. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

АКШнын Каржы министрлиги Ирандын мунайы жана нефтехимиялык продукциясын өндүрүү, ташуу жана сатууда банктык тейлөө жана камсыздандырууга уруксат берген убактылуу лицензия берди. Бул чечим 21-августка чейин күчүндө болот.

Маалыматка ылайык, бул кадам АКШ менен Ирандын ортосунда 17-августта кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумуна байланыштуу. Анда санкцияларды акырындык менен алып салуу каралган.

Ошол эле учурда АКШнын билдирүүсүндө Иран 60 күн ичинде Ормуз кысыгын жаппоого милдеттенме алганы айтылат. Бирок Тегеран бул маалыматты четке кагып, жаңы милдеттенмелер алынбаганын билдирүүдө.

Сүйлөшүүлөр Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу маселелерди мындан ары талкуулоону камтыйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан