Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында депутат Курмантай Абдиев өкмөт сунуштаган мыйзамдагы каталарды айтып чыкты. Айтымында, өкмөт кыргыз тилин басмырлаганын токтотпой жатат.
“Мыйзам долбоорунда “мамлекеттик өрткө каршы башкармалык” деп турат. Эмне “мамлекеттик өрт”, “мамлекеттик эмес өрт” же “облустук өрт” деп бөлүп калгансыңарбы? Кыргыз тилин басмырлаганды качан токтотосуңар? Алып келген мыйзамыңар 100 пайызга ката. Мындан кийин катасы көп мыйзамдарды кабыл албай коюшубуз керек”,- дейт депутат.
Депутаттын пикири эске алына турганын вице-спикер Төрөбай Зулпукаров билдирди.