Орусиянын бир нече облусунда күйүүчү май сатууга убактылуу чектөөлөр киргизилди. Айрым май куюучу жайларда бир унаага берилүүчү күйүүчү майдын көлөмү чектелип, идиштерге куюп кетүүгө тыюу салынды.
Чектөөлөр Новосибирск, Белгород, Кемерово, Тюмень облустарында жана башка аймактарда киргизилди.
Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, мындай чаралар күйүүчү май тартыштыгынын алкагында кабыл алынууда. Эксперттер кризисти мунай иштетүүчү заводдорго жасалган дрон чабуулдары менен байланыштырууда. Натыйжада өлкөдө мунай иштетүүнүн көлөмү акыркы 21 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түшкөнү айтылууда.