Бир күндүн ичинде сейсмикалык жактан активдүү болгон Венесуэла жана Япония өлкөлөрүндө катуу жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Өзгөчө оор кырдаал Венесуэлада катталып, күчтүү жер титирөө имараттардын кыйрашына алып келип, кеңири масштабдагы куткаруу иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми Японияда олуттуу кесепеттер катталган жок, бирок бийлик өкүлдөрү калкты мүмкүн болгон кайталануучу силкинүүлөрдөн сак болууга чакырышты.
Кечээ, 24-июнда Венесуэлада күчү 7,2 баллга жеткен биринчи жер титирөө катталган. Андан кийин күчү 7,5 балл болгон дагы бир катар жер титирөө болгон. Натыйжада бир нече имарат жабыркап, айрымдары толугу менен кыйраган. Жабыркагандардын так саны азырынча айтыла элек. Өлкөдө цунами коркунучу да жарыяланды.
Ошол эле күнү Япониянын түндүк-чыгыш аймагында күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүүлөр өлкөнүн борбору Токиодо да сезилген.