Биз социалдык тармакта

Венесуэла бийлиги зилзалага байланыштуу өзгөчө абал жарыялады

Венесуэланын убактылуу президенти Делси Родригес жер титирөөгө байланыштуу өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин жарыялады.

"Биз учурда Конституциябызга ылайык өзгөчө кырдаал режимин киргизип жатабыз",- деди Родригес.

Ал жаратылыш кырсыгынан каза болгондор бар экенин тастыктап, алардын жакындарына көңүл айтты. Бирок курмандыктардын так санын айткан жок. Ошондой эле борбор калаадагы аба майдандын имараты жабыркагандыктан, анын иши убактылуу токтотулганын билдирди.

Кечээ, 24-июнда Венесуэлада күчү 7,2 баллга жеткен биринчи жер титирөө катталган. Андан кийин күчү 7,5 балл болгон дагы бир катар жер титирөө катталды. Натыйжада бир нече имарат жабыркап, айрымдары толугу менен кыйраган. Жабыркагандардын так саны азырынча айтыла элек. Өлкөдө цунами коркунучу да жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан